00:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адвокат Женго аттуу кримтөбөлдүн каза болгону тууралуу маалыматты четке какты

Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун тергөө абагында каза болгону тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 24.kg сайтына анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Кадырбек Досонов ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында (№ 21 мекеме).

Жаза аткаруу кызматы да бул маалыматты четке кагып, жалган экенин тастыктады.

Эске салсак, акыркы жолу Женго 2023-жылы 25-сентябрда Кызыл-Кыяда кармалган. Анын унаасынан курал-жарак жана баңгизат табылган. Ал Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь айында ал видеокайрылуу жасап, криминалдык статусунан баш тартканын билдирген.

Кадырбек Досонов буга чейин Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүргөн деп да шектелген. Бирок ал күнөөнү толук мойнуна алган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар