13:41
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди № 47 колониясынан дасторкон жайып тосуп алышты

Криминалдык төбөл Камчы Көлбаевди № 47 колониясынан дасторкон жайып тосуп алышты. Анын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Абактагылар үчүн плов жана боорсок жасалыптыр. Дасторкон колония аймагындагы стадионго жайылды.

Абактагылардын бири Алла Пугачеванын «Миллион кызыл роза» ырын аткарып берди.

Эске салсак, Камчы Көлбаев 21-октябрда кармалган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктагыча ал УКМКнын абагына отургузулган.

Эң көп окулган жаңылыктар