23:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

УКМК Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынганын ырастады

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы ырастады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 4-октябрда Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн.

Анын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жок кылынды. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, операцияга көп сандаган күч кызматкерлери жана чопкутталган автоунаалар тартылган.

Окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматынын жана аза күтүү кызматынын атайын машинеси да келди. Буга чейин бул жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келип кеткенин журналисттер кабарлашкан.

49 жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турган.

2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонуп, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган.

Ошол жылы ал мекенинде «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган» деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан.

УКМК Көлбаевди 2020-жылы октябрь айында кылмыштуу топ түзүүгө айыптап кармаганын билдирген. Бирок төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Атайын кызмат 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген.

АКШнын бийлиги Көлбаевге эки жолу санкция салган. 2011-жылы «чет элдик баңгизат соодасынын анабашы» жана 2012-жылы «эл аралык уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү» же мурдагы советтик республикалардан чыккан кылмышкерлердин көзүрлөрү кирген «Агайиндер чөйрөсү» тобуна мүчө деп айыптаган.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда криминалга каршы чечкиндүү аракеттер жүрөрүн белгилеп, кылмыштуу топторго мыйзам бузбоого жана өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырык таштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар