05:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин жакын тууганы кармалды

Кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин жакын тууганы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалган А.Р. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Жаран алдамчылык сыяктуу бир катар кылмыштарга шектелип, ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

ИИМден билдиришкендей, 2016-жылдын жаз айларында шектүү Бишкек шаарынан жарандардын биринин ишенимине кирүү менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын алып, сатып жиберген. Унаа ээсинин чыгымы төрт миң доллар деп бааланган. Бул окуядан кийин шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Эми ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар