23:07
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөт чилдеде суукка тонгон жарандар сотко доо менен кайрылбайт деген ойдо

Өкмөт чилдеде суукка тоңуп, зыян тарткан жарандар сотко доо арыз менен кайрылбайт деген ойдо. Бул тууралуу өкмөт башчысы Сапар Исаков бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, эгер жарандар сотко арызданса, анда «Бишкек жылуулук электр борбору» банкрот болот.

«Шаардыктар бүл күндөр үчүн жылуулукка акча төлөбөйт. Баардык кардарлардын акысы кайра эсептелип чыгарылат» — деди Сапар Исаков.

Эскерте кетсек, 26-январда «Бишкек жылуулук электр борборунда» кырсык болуп, 130 миңдей батир жылуулуксуз калды. 30-январь күнү кечке жуук гана жылуулук бериле баштады. Ал арада бир топ жарандар үйлөрүндөгү жылыткычтар тоңуп жарылып, суу агып жатканына даттанышууда.

Чилдеде тонгон жарандар энергокомпаниялардын жана өкмөттүн жоопко тартылышын талап кылышты. Кечээ Башкы прокуратура «Шалаакылык» беренеси менен Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу мамлекеттик комитети, «Улуттук энергохолдинг», «Электрстанциялар» жана «Бишкек жылуулук электр борбору» ишканаларынын аткаминерлери кышка даярдык көрүүдө милдеттерин так аткарбагандыктан шаардагы үйлөргө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурагандыгы үчүн иш козгоду. 

Эң көп окулган жаңылыктар