10:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тажикстанда экстремизмдеги аялдардын ролу өсүүдө

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулуу үчүн Сирия жана Иракка барган аялдардын көбү — күйөөлөрүнө багынгандар. Бирок арасында өз алдынча чечим кабыл алгандары да бар. Бул туурасында БУУнун колдоосу менен жүргүзүлгөн иликтөөдө айтылат.

Иликтөөдө душанбелик аялдын окуясы мисал келтирилген. Ал Сирияга барып, башка аялдарды дагы азгыруу үчүн кайра Тажикстанга келип, бирок 2016-жылы коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Дагы бир тажикстандык бийчи аял Сириядагы экстремисттерге кошулгусу келгени үчүн 12 жыл эркинен ажыратылган.

Лондон Королдук колледжинин эксперти Анна Матвееванын айтымында, Жакынкы Чыгышка сапар алган тажик аялдарынын бир бөлүгү жеке жашоодогу көйгөйлөрүн чечүү үчүн ушундай кадамга барышат.

«Сүйүү, өмүрлүк жар, жаңы жашоо издеп сапарга чыгышат. Бирок көбүнесе бөтөн өлкөдө күтүүсүз окуялардын туткуну болуп калышат жана андан чыгуунун жалгыз жолу — экстермисттерге кошулуу деп эсептешет», — дейт Анна Матвеева.

2016-жылы ноябрда Тажикстан ИИМи терроризмге айыпталган кишилердин сүрөтүн жарыялаган, арасында бешөө аял болгон. Алардын бири колуна автомат кармап сүрөткө түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар