06:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баткен облусунда улуу кумду курулушка колдонуп, балдар аянтчасына төгүшкөн

Баткен облусунун Кан айылынын тургундары жакын жердеги улуу заттарды сактоочу жай боюнча билишкен эмес. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Экологиялык саламаттык боюнча Ыраакы Чыгыш фондунун президентти Петр Шаров маалымдады.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик дагы айыл аймагында жайгашкан коргошун калдыктарын сактоочу жайды билбеген. Ал жай 1970-жылы 60-жылдары иштеген ишкана жабылган кийин пайда болгон. Кен казылган жердин үстүн кызыл кум менен жаап коюшкан.

«ӨКМ коопту жай экенин эскертип, такта гана кагып койгон. Улуу жай жабылган, корголгон эмес. Элдер кеңири кирип, кумду алып, үйлөрүн шыбап, аны жолдорго, балдар аянтчаларына сээп келишкен» — дейт Петр Шаров.

Петр Шаровдун билдирүүсүндө, иликтөөнүн жыйынтыгында кумдагы коргошун белгиленген ченемден 130 эсеге көп экендиги аныкталды.

«Бизге алгач жергиликтүү тургундар ишенген жок. Алар өздөрүнүн ден-соолугу ууланып жатканын билишпейт. Коргошун канга түшүп, балдардын өсүүсүнө, мээсинин өрчүшүнө бир топ зыян келтирет. Балдар уулу кум менен ойноп жатышпайбы. Жергиликтүү ооруканада 12 жашка чейин 220 баладан кан алып, жыйынтыгында 89 пайызында коргошундун ченеми 5 мкг/дл ашык экендигин, 90 балада 10 мкг/дл көптүгүн көрсөттү. Бул өтө кооптуу көрсөткүчтөр. Даарыгерлер айткандан кийин гана бизге ишеништи» — дейт Петр Шаров.

Долбоордун алкагында айылдан 400 тонна кум кайра ордуна ташылды. Бирок, уулу жай дагы эле ачык бойдон турат. Адистер ал жерде балдар ойноп жаткандыгына кабатырланышат. Андан тышкары, эскертүүлөргө карабай, айрым айыл тургундары уулу кум менен шыбалган дубалдарын үстүнөн дагы шыбап, же туш кагаз чаптоодон баш тартууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума