22:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Манас айылын» оңдоо боюнча сынактын жыйынтыгы 8-июлда чыгарылат

Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоонун долбооруна жарыяланган ачык сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгынан билдиришти.

Ачык сынактын жыйынтыгында жалпы 14 долбоор келип түштү.

«Бишкек башкы архитектуранын» жыйындар залында долбоорлордун көргөзмөсү өтүүдө. Каалоочулар 6-7-июль күндөрү саат 17:00гө чейин келип, долбоорлор менен таанышып кете алат", — деп айтылат маалыматта.

Шартка ылайык, сынак 6-июндан 5-июлга чейин өткөн. Ал эми 6-7-июль аралыгында коомдук талкуу болуп, 8-июлда сынактын жеңүүчүлөрү жарыяланат.

Эскерте кетсек, сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 млн сом, экинчи орунга 1 млн сом жана үчүнчү орунга 500 миң сом берилет. Жеңүүчүсүн аныктоо үчүн 12 адамдан турган комиссия түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар