20:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ГМ «Фрунзе» тармагы ISO 9001:2015 эл аралык шайкештик сертификатын алды

«Фрунзе» гипермаркеттер тармагы («Партнер Кей Джи» ЖАК) аудиттен ийгиликтүү өтүп, USAIDдин менеджмент системасын иштеп чыгуу боюнча эксперттердин жардамы менен Кыргызстандагы ишкердикти жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен ISO 9001:2015 сапат менеджменти системасын ишке киргизген жана тастыктаган чекене соода чөйрөсүндө биринчи кыргызстандык компания болду.

ISO 9001:2015 сапатты башкаруу системаларына (СБС) талаптарды аныктаган эл аралык стандарт.

Тастыктамалоо бизге көз карандысыз баа алууга жана компаниянын ишмердүүлүгү жана сапатты башкаруунун ички процесстери эң жогорку дүйнөлүк стандарттарга жооп берерине ынанууга мүмкүндүк берди.

Башка сөз менен айтканда, ISO 9001: 2015 — кардарларга багыт алуу. Бул компаниянын иш-аракеттери кардарлардын канааттануусун камсыз кылууга багытталган дегенди билдирет.

Демек биздин кардарлар биздин ишибизге жардам берет жана биздин негизги сынчыларыбыз болуп саналат. Ошондуктан биз бир дагы дооматты же сунушту өткөрүп жибербөөгө мүмкүндүк берүүчү регламентти иштеп чыктык. Алар «Битрикс24» корпоративдик порталында автоматтык түрдө жазылып, белгилүү бир жооптуу адам менен тапшырмага айландырылат.

Бул жол-жобосу кардар менен сөзсүз түрдө кайра байланышууга мүмкүндүк берет.

Кардарлардын пикири бизге күндөн-күнгө жакшыраак болууга жардам берет, ал эми пикирлерди чогултуу жана талдоо бизнес процесстерин үзгүлтүксүз жакшыртууга жана алардын ачыктыгына алып келет.

«ISO 9001:2015 стандартын киргизүү аркылуу сапатты башкарууну жогорулатуу» долбоорунун алкагында биз төмөнкүлөр үчүн зарыл болгон ишенимдүү бизнес процесстерин башкаруу системасын түздүк:

  • өндүрүштүн бардык баскычтарында кызматтардын/өнүмдөрдүн сапатын көзөмөлдөө;
  • кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
  • заманбап технологияларды киргизүү;
  • кардарлардын каалоолоруна жана сунуштарына тез жооп берүү;
  • жеткирүүчүлөр, өнөктөштөр жана инвесторлор менен ачык иштөө;
  • башкаруу системасын автоматташтыруу жана алдыңкы ыкмаларды колдонуу менен эмгек шарттарын жакшыртуу.

Тастыктамаланган аудит эл аралык тастыктамалоо органы TÜV Thuringen e. V. Тарабынан жүргүзүлгөн. Сертификаттар дээрлик дүйнө жүзү боюнча таанылган: Европа, АКШ, Канада, Жапония, Кытай, Германия, БАЭ.

Эл аралык стандарттарга дал келүү — мезгилдин жана рыноктун талабы! Биздин жамаат ишкананы өнүктүрүү боюнча зор пландарды коюп жатат.

Кийинки максат — ISO 22000:2018 тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык сертификаттарды жана ISO 30414 уюштуруучулук тобокелдиктерди башкаруу стандартын алуу.

Компания замандын талабына жараша аракет кылып жатат, ошондуктан биз бизнести санариптештирүү менен жигердүү алектенип жатабыз. Ал эми бул дагы бир ISO 27001 маалыматтык коопсуздук сертификатын алууну талап кылат.

Мына ушулардын бардыгы азыркы мезгилде ишкананын туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Ошентип, ГМ «Фрунзе» тармагы өнөктөштөр үчүн өзүнүн ишенимдүүлүгүн далилдейт жана кардарлардын толук ишенимине ээ боло алат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар