17:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Астанадагы жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат

Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат.

Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров «Борбор Азия — Россия» форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, «Борбор Азия — Россия» форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Эң көп окулган жаңылыктар