22:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Венгриялык компания Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча A-Hid венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту.

«Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу — министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясы (Венгрия) ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Кол коюлган келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика обьектилеринин өздөрүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Макулдашуунун алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да иликтенмекчи.

Маалымат үчүн: A-Hid компаниясы энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасы менен Венгрия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюм өз ишинде венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө басым жасайт.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Анын уставдык капиталы $16 миллионду түзөт.

2022-жылдын 12-майында долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганы жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар