16:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын түштүгүндѳ жашагандар 1 миллион сомго чейин грант алса болот

Баткен, Жалал-Абад Жана Ош облустарынын тургундарына John Galt бизнес-акселераторуна катышу сунушталууда. Бул тууралуу долбоор авторлору билдирди.

Долбоор аймактарда жашап, иштеп жаткан бизнеси бар, же ишке Аша турган долбоору бар, бирок аны аткарууга билими же каражаты жетпей жаткан жарандар үчүн жардам берет. Долбоордун дагы бир шарты – грант ала турган жарандын жашы 18ден 35 жашка чейин болушу талап.

Катышуучулар ишкерлик Жана каражат башкаруу боюнча онлайн-окутуудан ѳтүп, бизнес долбоорун аягына чейин иштеп чыгып, анны кѳрсѳтүшү керек. Соңунда алар 120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин грант ала алат. Мындан тышкары тажрыйбалуу ишкер жана финансисттерден консультациялык жардам алып турушат.

Катышу табыштамасын шилтеме боюнча ѳтүп, толтуруп, 2022-жылдын 15-октябрына чейин тапшыруу керек.

Бизнес-акселератор ПРООНдун «Ош, Жалал-Абад Жана Баткен облустарында COVID-19 терс кесепетинен кийин социалдык-экономикалык калыбына келүү» долбоорунун алкагында ѳтүүдѳ.

Эң көп окулган жаңылыктар