Оштун жаш музыканттары «ART-PREMIUM» Эл аралык сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн «ART-PREMIUM» Эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн, мугалимдерин жана ата-энелерин кабыл алды.
Аталган конкурс Астана шаарында 4-7-январь күндөрү өтүп, ага Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Шохжахон Маманазаров менен орус эл аспаптар бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Шайырбек Абдурашит уулу катышып келген.
Жыйынтыгында студенттер конкурстун үч сыйлыгын багындырып келишкен. Студенттердин бири инструменталдык жанрда домрада ойноп 1-орунду, бири аккордеондо 1-орунду багындырышса, домра жана аккордеондо дует аткарышып 1-орунду ээлешкен.