23:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чубак ажы Жалилов жана Максат ажы Токтомушевдин билимин текшерүүнү сунушталды

Философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга мурдакы муфтий Чубак ажы Жалиловдун, азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин жана Ислам институтунун ректору Абдышүкүр Нарматовдун билимин текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, алар диний билимдин негизинде эле светтик жогорку окуу жайлардан диплом алышкан. Ага мыйзам жол бербейт.

«Мен юстиция министри Уран Ахметовдун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын атына кат жолдоп Чубак ажы Жалилов, Максат ажы Токтомушев жана Абдышүкүр Нарматовдун билимин текшерүүнү суранган. Дин иштери боюнча комиссия булардын дипломдору боюнча маалымат бере албастыгын айтып жооп кайтарды. Бул туура эмес. Ар бир жаран мисалы президент кайда окугандыгын билүүгө укуктуу» — дейт ал.

Ачык булактардагы маалыматка таянсак Чубак ажы Жалилов 1996-жылы Кыргыз ислам университетин аяктайт. 2002-жылы Сауд Арабиянын Умм ал-Кура эл аралык университетин бүтүрөт. Диний аалымдын светтик билими боюнча маалымат жок.

Максат ажы Токтомушев 1995-жылы Ош айыл-чарба институтун, андан кийин 2010-жылы «ислам экономикасы жана банк иши» адистигине ээ болот. 1996-2005-жылдары Пакистанда «ислам мыйзамдары» тармагында билим алган.

Абдышукур Нарматов 1993-жылы Ташкенттеги Имам-Бухара университетин, 2000-жылы Египеттеги Аль-Азхар университетин бүтүрөт. 2010-жылы Ош мамлекеттик университетинде юрипруденция жаатында магистр даражасына ээ болот.

Эң көп окулган жаңылыктар