12:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Суроо-жооп. Чубак Жалиловдун сүнөткө олтургузуу боюнча сөзү-жоопкерчиликсиздик

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалилов жакында сүнөткө олтургузуу зарылдыгы, же «сүнөткө олтургузулбаган эркектердин аялдары «бешенная матка» болуп калат» деп айтты. Бул сөз канчалык чындыкка туура келет?

Жооп: Чубак ажы Жалиловдун бул сөздөрү катуу талкуу жаратты. Мурдакы муфтийдин бул пикири башка конфессиянын өкүлдөрүнүн, башка салт ээлеринин көңүлүн оорутары айтбаса деле белгилүү. Ислам дининде мусулман адам башка дин өкүлдөрүнө, айрыкча бөтөн элдин каада-салтына сый мамиле кылуусу сүннөт болгондой эле, чыныгы мусулман башкаларга колунан жана тилинен башка бирөөлөргө зыян бербей турганын хадисте айтылат.

Ажыкенин аудиториясы кенен болгону жалпыга маалым, демек жашы да, карысы да, эркеги да, аялы да угушат. Адатта ар бир адамдын жеке маселеси жекече чечилгени дурус. Элибизде «бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген накыл кеп бар эмеспи, ошонун сыңарындай Чубак Жалилов бардык темаларга, тармактарга карата өзүнүн божомолдуу жоопторун айта бергени туура эмес деген пикирдебиз. Мында учурда доктурга, же башка тийиштүү адиске кайрылуусун өтүнсө болот.

Гезитке жарыяланган макалада «Сүннөткө отурбаган эркектердин аялдары «бешеная матка» оорусуна чалдыгат» деп баш сөз коюлган. Билимди сыйлаган инсандар бир нерсеге таянып айтышат эмеспи. Андыктан, Чубак Жалилов сөзүн бекемдеш үчүн так статистика, илимий иликтөөнүн жыйынтыгы ачыкташы абзел.

Аалымдар тээ илгертен эле элди туура жолго гана багыттап келген. Чубак ажы Жалилов дагы мындан ары хадистеги «сүйүнчүлөгүлө, коркутпагыла, жеңилдеткиле оорлоштурбагыла» деген сөздөрдү эске тутат ойдобуз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума