01:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Суроо-жооп. Жолдошум экинчи аял алам деп айтарын күтүп жашайм

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Чубак ажы токолун айтып, эки аял алуу темасы кызуу талкуулана баштагандан бери менде коркуу сезими пайда болду. Анткени, жолдошум анча-мынча исламдин жол-жобосун тутунуп калат. Андыктан шариатка таянып, анүстүнө акчалуу да киши болгондуктан, менден сулуу, менден жаш кызды токолдукка алам деп айтып калабы деп тынчым кетти. Бул чечимин качан айтат деп күтүп жашайм.

Жооп: Мындай коркуу жана күмөн саноо жок жерден келип чыкпайт. Сиздин тынчсыздаңууздун түпкү себебин табуу керек. Балким, мындай ойго күйөөңүздүн буга чейинки кандайдыр бир кадамы түртүп жаткандыр.

Аны күтүп олтурбай, сиз өзүңүзгө көңүл бөлүп, алдыга жылууга, жеке өнүгүүгө аракет кылыңыз. Ар бир адам «жашоо соккуларын» алып турат. Бул жашоо. Биз андан тажрыйба алып, курчуп турабыз. Бирок,

кандайдыр бир күтүүсүздүк, тоскоолдук болсо чөгүп кеткен туура эмес. Адамда кандай гана кыйынчылык болбосун жеңүүгө жетиштүү эрки бар.

Балдарыңыз менен болуп, жашоонун башка шаңын таап жашоого умтулуу керек. Жаман ойлорду, кооптонууларды артка таштап, акылдуу жана күчтүү болууга аракеттениңиз.

Эң көп окулган жаңылыктар