16:54
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мектеп окуучуларынын арасында насвайдын жаңы түрү таркатылууда

Мектеп окуучуларынын арасында насвайдын жаңы түрү таркатылууда. Бул тууралуу Саламатыктык сактоо министрлигинин өкүлү Бактыгүл Жумакулова мектеп коопсуздугу боюнча жумушчу топтун кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы мектеп мугалимдери даарыгерлерге кайрылган. Алар класста кичинекей пакет табып алышкан. Аны Наркология борбору текшерип, бул насвайдын жаңы түрү экендигин аныктаган.

Бактыгүл Жумакулованын айтымында, насвайга даамдар кошулган жана ал Түркиядан алынып келиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар