12:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Министр, депутаттардын арасында дагы балдарына жөлөк пул алгандары бар

«Министр, депутаттардын арасында дагы балдарына жөлөк пул алгандары бар», — деп Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бүгүнкү жыйынында билдирди.

Депутат Социалдык өнүгүү министрлигине депутат менен министрлердин мамлекеттик жөлөк пул алуусуна тыюу салган мыйзамды иштеп чыгууну сунуштады.

«Кыргызстанда 292 миң жаран жөлөк пул алат. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, жөлөк пул муктаждардын саны 92 миң. Демек 200 миңдей жаран өзүнүн киришесин жашырып, жемкорлук жол менен жөлөк пул алгандар» — деди Айнуру Алтыбаева.

Аны менен биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев макул болду.

«Жөлөк пулду байлар да алышат. Алардын юристтери бар. Юристтери социалдык кызматкерлерге акча берип, жөлөк пул алып турат. Бул жолду өзгөртүү керек», — дейт Аскарбек Шадиев.

Эң көп окулган жаңылыктар