14:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

НТС телеканалы жабылса 120 киши жумушсуз калат

НТС телеканалы жабылса 120 киши жумушсуз калат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында каналдын юристти Амантур Абдырахманов билдирди.

Ал азыр баардык мамлекеттик органдар чогуу киришип, НТСтин ишин токтотуу аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Амантур Абдырахмановдун айтымында, жакынкы күндөрү баары ачык болот.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүшкөн. Ал эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Сотко телеканалга карата доо арыз менен Grexton Capital Ltd компаниясы кайрылганы белгилүү болду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар