05:51
-18
USD 68.70
EUR 84.07
RUB 1.22

НТС телеканалы эфирин бир нече убакытка токтотушу мүмкүн

Бүгүн НТС телеканалы эфирин бир нече убакытка токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу билдирди. 

Анын айтымыныда, саат 11.00дө сот аткаруучулар келип, компаниянын мүлкүн тизмеге алып, имаратты жабышат. 

«Окуя кандай болорун айтуу кыйын. Эфирди бир нече убакытка токтотууга туура келет го деп ойлойм. Биздин юристтер азыр сотто. Райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу аракетин көрүшүүдө», — деди Жайнак Үсөн уулу.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүшкөн. Ал эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Сотко телеканалга карата доо арыз менен Grexton Capital Ltd компаниясы кайрылганы белгилүү болду. Телеканалдын кожоюну Өмүрбек Бабанов бул аракеттерди рейдердик басып алуу катары баалады. 

Эң көп окулган жаңылыктар