23:51
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бабанов: НТС каналын Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргогондор басып алып жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов НТС телеканалы боюнча билдирүү жасады. Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазды.

Депутат телеканалды рейдерлик жол менен басып алуу аракети көрүлүп жатканын белгилейт.

«Сотту колдонуп, көз -карандысыз, менчик телеканалды басып алуу аракети көрүлүүдө. Кыргызстанда Максим Бакиевдин кызыкчылыгы жогору болуп, аны коргоп калганбызбы?» — дейт Өмүрбек Бабанов.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүшкөн. Ал эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Сотко телеканалга карата доо арыз менен Grexton Capital Ltd компаниясы кайрылганы белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар