16:40
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сот аткаруучулары НТС телеканалынын мүлкүн камоого алууга келди

Сот аткаруучулары НТС телеканалынын мүлкүн камоого алууга келди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине телеканалдын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, сот аткаруучулары келип, аларга соттун чечимин көрсөтүштү.

«Кайсы бир компания арыз жазып, анын негизинде сот ушундай чечим кабыл алыптыр. Азыр тактап жатабыз» — дейт журналисттер.

Сот аткаруучуларды эфирди токтотуп, имаратты жабууну талап кылышууда. 

Каналдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу азыр кеңсеге барып, абал менен таанышкандан кийин маалымат берерин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар