01:07
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өкмөттүн байлыгы — 86 миллиард сом

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду инвентаризацияны аяктады. Өкмөткө тиешелүү ишканалардын базар баасы 86 миллиард сом. Бул тууралуу фонддун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматында, 12 миң 279 мамлекеттик имараттар 14,4 миллиард сомго, 15 миң 768 имарат 17,1 миллиард сомго, 1 миң 118 жер тилкеси 1,069 миллиард сомго бааланды.

Андан тышкары мамлекетте 3,2 миллиард сомдук 9 миң 90 автоуунасы бар. Техника жана жабдуулар 16,4 миллиард сом өлчөмүндө.

Фонд мамлекеттик мүлктүн наркын кайра карап чыкмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар