06:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Анжиянда окуучу кыздардын кыздык белгилерин текшерүү күчөтүлдү

Анжияндагы № 6 мектептин 9-классында окуган кыздын кош бойлуу экендиги аныкталгандан кийин шаардын мектептеринде окуучулардын кыздык белгилерин текшерүү күчөдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалимдери менен маале активисттери билдиришти.

Маалыматка караганда, окуучу кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу ноябрдын соңунда, ал бир канча күн мектепке барбай калгандан кийин белгилүү болгон.

«25-ноябрда кыз мектепке келген жок. Биз чоң энесине телефон чалдык. Ал инсульт болуп, небереси аны карап жатканын айтты. 27-ноябрда кыздын үйүнө барсак ал температура болуп жатыптыр. Медициналык текшерүүдөн кийин анын кош бойлуу экендиги аныкталды» — деп билдирди мугалимдердин бири.

Анын айтымында, кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтан кийин шаар акимчилиги мектептерде кыздардын кыздык белгилерин текшерүүнү күчөттү. «Кыздарды УЗИден өткөрүп жатабыз. Ар бир мектеп уюшкандык менен кыздарын жергиликтүү бейтапканаларга алып барышып, кыздык белгилерин текшертип жатышат. А негизи кыздарды жапыр текшерүү мурда эле башталган», — деди ал.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 15 жаштагы кыздын кимден боюна бүткөнүн аныктоого аракет кылып жатышат. Шаардык милициянын өкүлүнүн айтымында, кыздын улам-улам көрсөтмөсүн өзгөртүп жатышы, тергөөнүн ишин оорлотууда.

Кыздын атасы каза болуп калган, апасы Орусияда иштеп жүрөт. Азыр чоң энеси жана эки бир тууганы менен жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар