Чоң чүй каналынын жээгине ташталган ымыркай суукка тоңуп каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Наристенин сөөгү 14-декабрда саат 21.00 «Жасмин» кафесинин жолунда табылган. Текшерүүдө бала суукка тоңуп калгандыгы ырасталды. Милициянын билдирүүсүндө, ымыркайдын сөөгү азыр өлүкканада.