10:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Акыйкатчы балдарга карата кылмыш үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштайт

Акыйкатчы балдарга карата кылмыш үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, баланы зордуктоо айыбы менен козголгон иштер аягына жетпейт, же жеңил жаза берилет.

«Бала өзүнүн укугун коргоп, өзүнчө көрсөтмө бере албайт. А чоңдор болсо, көбүнчө сүйлөшүп алышат» — деди Кубат Оторбаев.

Ал Кылмыш кодексине өзгөртүү сунушун парламенттин кароосуна жөнөткөнүн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума