20:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Душанбелик окуучу Гиннесстин рекорд китебине кирүүсү мүмкүн

Душанбеде мектеп окуучусу Гиннесстин рекорд китебине кирүүгө ниеттенүүдө. Жети жаштагы Эмомхусейн Умаров 11 миң жолу денесин жерден көтөрүү боюнча көнүгүү жасай алат. Ал бул машыгууларды 6 саат 20 мүнөт тыныгуусуз аткарууга кудуреттүү.

Дарыгерлер аны көнүгүүгө чейин жана андан кийин кароодон өткөрүп, Эмомхусейндин ден соолугу таза экенин белгилешти. Спорт дарыгерлери баланын адаттан тыш мүмкүнчүлүктөрүнө таң калышуда.

Алардын пикиринде, каныккан спорчу дагы бир эле учурда 11 миң жолу көнүгүү аткара албайт.

Айрым тажик спорт клубдары Эмомхусейндин мүмкүнчүлүктөрүн угуп, өздөрүнө чакырышууда. Бирок атасы айдоочу болуп иштей турганын, күн сайын аны спорт залга алып барууга убактысы жок экенин айтууда.

«Учурда Эмомхусейн менен өзүм алектенип жатам — бир нече саат эртең менен жана бир нече саат кечинде машыгабыз. Биздин максат —Гиннесстин рекорд китебине илинүү», — деди Раджаб Умаров.

Бирок ал Гиннесстин рекорд китебине жазылуу үчүн кайда кайрылуу керектигин билбейт. Учурда спорт аткаминерлерине жана шаардык мэриядан жардам сурап кайрылды.

Эмомхусейн өзү келечекте Тажикстандын жана дүйнөнүн чемпиону болууну каалайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума