Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министрликке көрсөтүлүүдө. Анын талапкерлигин бүгүн парламенттин тийиштүү комитети карап чыгышы керек.
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов өткөн апта аягында кызматтан бошотулган Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна вице-премьер-министр болуп калат.
Дүйшөнбек Зилалиевдин кайсы кызматка олтурары азырынча белгисиз. Ал вице-премьер-министрлик орунда үч ай иштеди.