03:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетти

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Премьер-министр Сапар Исаков Дүйшөнбек Зилалиев башка кызматка которулуп жаткандыгына байланыштуу, аны ордунан бошотууну суранып көрсөтмө жиберген. Алмазбек Атамбаев ага кол койду.

Дүйшөнбек Зилалиев бул кызматта үч ай иштеди.

Жарандык коом аны шайлоо учурунда Баткен облусунун тургундары менен жолугушуудагы үгүтү үчүн кызматтан алуу талабын койгон. Бирок, анда Зилалиев эскертүү менен чектелген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума