02:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто төрт жашар кызды зордуктоого аракеттенген шаар тургуну кармалды

Ошто төрт жашар кызды зордуктоого аракеттенген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Алардын маалыматында, 20-жаштагы улан бала бакчага кирип, өзү жалгыз ойноп жаткан кызды зордуктоого аракеттенген. Кыздын жанында тарбиячы дагы, башка балдар да болгон эмес.

Кыздын ата-энеси арыз жазышты. Шектүү азыр сурак берүүдө.

 
Эң көп окулган жаңылыктар