18:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кочкордо сөөгү табылган кишилердин экөөнүн өздүгү такталды

Нарын облусунун Кочкор районунда сөөгү табылган үч кишинин экөөнүн өздүгү такталды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Алардын маалыматында, алардын бири 1993-жылы туулган Н.Т. экендиги ырасталды. Ал 2013-жылдан бери дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү Арчалуу аймагынан табылган.

Орто-Токой дарыясынын жээгинен табылган сөөк 1970-жылы туулган А.Б. болуп чыкты. Ал дагы дайынсыз жоголгондордун катарында.

Үчүнчү сөөк 40-45-жаштагы аялга таандык. Анын ким экендиги изделүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар