14:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Россияда Москвага Каримовдун эстелигин тургузууга каршы кол топтолууда

Россияда Өзбекстандын президентти Ислам Каримовдун эстелигин Москва шаарында орнотууга каршы кол топтоо башталды. Бул тууралуу centralasian.org кызматы маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, сhange.org сайтына «Москвада Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун эстелигин тургузууга каршыбыз» деген темада петиция жайгаштырылды.

Анын демилгечиси, ЛДПР партиясынын мүчөсү Георгий Городецкий Орусиянын борбор шаарында «русофоб жана диктатор» Ислам Каримовго эстелик тургузууга каршы экендигин айтат.

Андан тышкары, ал Орусия «маданиятсыз, орус тилинде сүйлөй да, жаза да албаган өзбектерге» виза режимин киргизиши керектигин айтты. Учурда ал петицияны 6 миңден ашык киши колдоду.

Былтыр 1-ноябрда Москванын мэри Сергей Собянин 2019-жылдын 31-декабрына чейин Өзбекстандын Орусиядагы элчигининин алдындагы мейман үйүнүн жанына Ислам Каримовдун эстелигин тургузууну тапшырган.

Эстеликтин 35 миллион рублге бааланган скульптуралык бөлүгүн өзбек тарап каржылайт. Бирок курулуш иштерине жана андагы бакчаны көрктөндүрүү үчүн Москванын бюджетинен акча бөлүнөт.

Орусияда дүйнөдөгү эң чоң өзбек диаспорасы жашайт. Бүгүнкү күндө алардын саны 2 миллионго жакын. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө азыр 1 миллион 700 миң өзбек улутундагы эмгек мигранты бар. Андан тышкары дагы 200 миңден ашык өзбек Орусияда туруктуу жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар