12:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарыланууда

Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарыланууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКга Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери чет жакта дарыланууда жана жакын арада кайтып келет.

«Бабанов инсулть алгандыгы тууралуу маалымат калп. Кайсы өлкөдө экенин так билбейм. Бирок, ал кайтып келет» — деди вице-спикер.

Фракция лидерине козголгон кылмыш иши негизсиз деп эсептейт.

«Бабанов Ош шаарынын Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзүндө эч кандай чагымчылдык болгон эмес» — деди Алтынай Өмүрбекова.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура экспертизанын жыйынтыгынан кийин Өмүрбек Бабановго каршы Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда шайлоо учурунда сүйлөгөн сөзү боюнча улуттар аралык кастыкка үндөө айыбы менен иш козгоду. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби