16:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан ЕАЭБтин кызыкчылыгын коргоп жаткандыгын кайталайт

Казакстан менен Кыргызстандын премьер-министрлери Ташкентте КМШнын өкмөт башчыларынын жыйынында чек арадагы кырдаал боюнча айтышты.

Сапар Исаков Казакстан келишимдерди аткарбагандыктан, жыйында кол коюлган эркин экономикалык зона боюнча протоколдун дагы аткарылышына күмөнүн билдирди.

«Казакстан өзүнүн транспорттук артыкчылыгын колдонуп товар жана ууналардын өтүүсүнө атайын тоскоолдук түзүүдө. Автомобилдер беш күн текшерүүдөн өтүүдө. Кыргызстан контрабанда ташып жатат деп билдирүүдө. Сүт азыктары, айыл-чарбай товарлары кантип контрабанда болсун?» — деди Сапар Исаков.

Бакытжан Сагинтаев бул маселе боюнча сөз айтайын деген ою болбогондугун, бирок, Сапар Исаков аны аргасыз кылгандыгын айтып өттү.

«Туура эмес билдирүү. Биздин чечим Евразия экономикалык биримдигинин жоболоруна толук жооп берет. Биз өзүбүздүн жана уюмдун кызыкчылыгын коргоп жатабыз» — деди казак өкмөт башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар