04:25
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Дастан Жумабеков Өмүрбек Текебаевдин мандатын алуу сунушу менен кайрылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандатын алуу сунушу менен Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Кайрылууда Өмүрбек Текебаевге карата Бишкек шаардык сотунун 2-октябрда чыккан чечими күчүнө киргендиги айтылат.

«Мыйзамга ылайык БШК мындай кайрылуудан кийин бир ай ичинде чечим кабыл алышы керек», — дейт БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Эскерте кетсек, «Жемкорлук» беренеси менен айыпталган Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновду Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту сегиз жылга эркинен ажыраткан. «Ата-Мекен» партиясынын лидери Бишкек шаарынын сотунун чечиминен кийин УКМКдан № 47 абакка которулган.

Өмүрбек Текебаевдин ордуна парламентке Эсептөө палатасынын мурдакы төрагасы Искендер Гайипкулов келиши мүмкүн. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби