01:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку сот «Кыргызстан» партиясынын арызын карайт. Үч партия митингге чыкты

Жогорку сот бүгүн «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуусу боюнча арызды карайт.

Соттун имаратынын жанына «Ата Мекен», «Реформа» жана «Чоң казат» партияларынын өкүлдөрү топтолууда. Алар соттон партиянын шайлоого катышуусуна жол бербөөгө чакырууда.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн тийиштүү кагаздарды кечигип тапшырган. БШК аны шайлоодон четтетти. Райондук сот БШКнын чечимин колдобой, партиянын иш кагаздарын кайра кабыл алууну буйруду.

Эң көп окулган жаңылыктар