10:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Бүтүн Кыргызстан» шайлоодон утуп чыкса БШК аны кайра каттоого алат

«Бүтүн Кыргызстан» шайлоодон утуп чыкса БШК аны кайра каттоого даяр. Бул тууралуу бүгүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал партия сотко кайрылууга толук укуктуу экенин белгиледи.

«Кайсы партияны шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынды. Буга карата «Бүтүн Кыргызстан» партиясы сотко кайрылууга толук укугу бар. Эгер алар соттон утуп чыкса, БШК партияны каттоого даяр», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстанга» арызданып БШКга кайрылган. Ал алгач тизмеде алдынкы орунга белгиленип, кийин артка жылып калган.

БШК кечээ тизмедеги калпыстыктар үчүн партияны каттоого алган эмес.


Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби