11:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Москвада Кыргызстандын жараны интернет аркылуу терактка үндөгөн

Москвада интернет аркылуу теракт жасоого үндөгөн Кыргызстандын жаранына козголгон кылмыш иши боюнча сот башталат. Бул тууралуу Киров облусунун прокуратурасы маалымдайт.

Маалыматта Кыргызстандын жараны 2017-жылдын февраль-март айларында Кировдун эки тургунун терактка үндөгөн. Ал КамАз менен Москвада жол кырсыгын жасоого жана топтолгон элге карай айдап, басып кетүүнү пландаган.

Тергөөнүн бүтүмүндө, кыргызстандык Россияда тыюу салынган уюмдун мүчөсү катары социалдык тармакта башка диндин өкүлдөрүнө катара кастык, жек көрүү сезимдерин козгогон сөздөрдү жазган. Анын лингвистикалык экспертиза тарабынан ырасталгандыгы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар