15:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сузак районунун төрт шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылышы мүмкүн

Сузак районунун төрт шайлоо тилкесиндеги жыйынтыктар жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине шайлоо комиссиясынын аталган райондогу өкүлү Муктар Кыргызбаев ырастады. Бирок, ал чамасы болбой жаткандыгына шилтеп, себебин так айтып берген жок.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Жалал-Абад облустук өкүлү Уулкан Иранованын билдирүүсүндө, № 2118, 2119, 2120, 2126 шайлоо тилкелеринин добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар ачыкталды.

«Биздин байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушу менен кайрылышкан», — деди Уулкан Иранова.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы аныктаган шайлоочулардын тизмеси менен автоматтык эсептегичтеги бюллютендердин саны туура келбейт.

Боршайком аймактык тилкелердин жыйынтыгын бүгүн карап чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби