01:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Азия кинофестивалынын жеңүүчүлөрү коло медаль менен сыйланат

Азия кинофестивалынын (Аsian World Film Festival) жеңүүчүлөрү Ак илбирстин коло статуясы менен сыйланат. Бул тууралуу форумдун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз билдирди.

Фестиваль 25-октябрдан 2-ноябрга чейин Лос-Анжелесте өтөт. Калыстар тобуна Сергей Бодров (Россия), Лиза Лю (Кытай), Туба Бюйюкюстюн (Түркия), актер Томас Лим (Кытай), Майкл Нури (АКШ) жана композитор Нэйтан Ван (АКШ) чакырылды.

Кинофорумду 2014-жылы Кыргызстандын кинематографисттер биримдигинин төрагасы Садыр Шер Нияз 2014-жылы негиздеген. Ал «Айтыш» коомдук фондунун колдоосу менен өтөт.

Бул фестивалда Азиянын 50 өлкөсүнүн мыкты тасмалары көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар