16:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Маевка айылында түнү бир нече унаа жана үйдү өрттөп кетишти

Чүй облусунун Маевка айылында түнү бир нече унаа жана үйдү өрттөп кетишти. Бул тууралуу журналист Альбина Метерова Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, бир түндө бир көчөдөн бир нече ууна өрттөлгөн. Бул окуяны журналист массалык башаламандык уюштурууга чагым катары баалайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүйдө өткөн суткада жети, Бишкекте эки өрт чыкканын маалымдайт.

«Атайын өрттөлдүбү, же күйүп кеттиби, аны ИИМ текшерет. Бирок, унаалар күйгөнү чын», — деди «24.kg» агенттигине ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби