16:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өмүрбек Бабанов азырынча шайлоонун жеңүүчүсүн куттуктоого даяр эмес

Өмүрбек Бабанов азырынча шайлоонун жеңүүчүсүн куттуктоого даяр эмес. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Өмүрбек Бабановдун айтымында, шайлоонун жыйынтыгы — бул элдин калоосу. Талапкердин штабы азыр мыйзам бузууларды топтоп жатат.

«Биз шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө аракет жасайбыз. Административдик ресурска каршы катуу чараларды жана жазаларды киргизиш керек. Мен жеңүүчүнү куттуктай элекмин. Мага ага телефон чалып коюш кыйын эмес. Бирок, биз азыр жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Бир айдан кийин президенттик кызматка олтура турган адамга өтө чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Ал өлкө биримдигин сакташы керек. Шайлоо бүттү. Эми атаандаштарына иштегендерди куугунтуктабай биримдикке чакырыш керек», — деди Өмүрбек Бабанов.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,81 пайыз, Өмүрбек Бабанов 33,74 пайыз добуш алды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума