20:59
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бүгүн үгүт иши аяктайт

Бүгүн үгүт иши аяктайт. 14-октябрды Боршайком «жымжырттык күнү» катары жарыялады. 

«Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 23-беренесине ылайык, добуш берүү алдында талапкерлердин үгүт иштери токтотулушу керек.

Шайлоо 15-октябрда өтөт. Шайлоочулар 11 талапкерге добуш беришет. Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаевдин ысымдары бюллетенден чийилген. Ал эми Азимбек Бекназаров талапкерлигин алып салгандыгын жарыялаганы менен, шайлоодон четтетилбейт. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби