07:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алия Шагиева: Мектепте мугалимдердин катын атама жеткирип турчу элем

Президенттин кызы Алия Шагиева Казакстандын The Village журналынын кабарчысы менен маектешкен.

Анын айтымында, мектепте жөнөкөй окуучу боло алган жок.

«Мугалимдер мен аркылуу атама кат жазышчу. Мен кичинекей элем, каттарды атама жеткирчүмүн. Бирок, элдерден өзгөчөлөнбөш үчүн атайын чачымды жуубай, майланышып жүрчү элем. Кийинчерек блог жазып баштап, менин ким экендиги маанилүү болбогон досторду таптым», — дейт Алия Шагиева.

Алия Шагиева атасы эч качан анын жүрүм-турумун көзөмөлдөбөгөнүн айтат.

«Атам экөөбүз окшошбуз. Ал дагы чыгармачыл киши. Бирок, тилекке каршы анысын 60ка чыкканда гана өнүктүрө алды» — дейт Алия.

Эң көп окулган жаңылыктар