05:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тендер мыйзамын бузган парламенттин кызматкери эскертүү алды

Тендер мыйзамын бузган парламенттин иш башкармалыгынын кызматкери эскертүү алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик сатып алуу порталына Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы 211 миң сомго жети ноутбук сатып алууга тендерге жарыялаган. Анда компьютерлердин соода маркасы көрсөтүлгөн. Бул мыйзам бузуу болуп саналат.

Жогорку Кеңеш дароо тендердин тексттин оңдоп, мыйзам бузган кызматкерге эскертүү берди.

Эң көп окулган жаңылыктар