06:24
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Аида Салянованын соту бүгүн да болбойт

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунда каралып жаткан соттук териштирүү 9-октябрга жылдырылды. Соттолуучу дагы эле эки жашар кызы менен ооруканада жатат. 

Белгилей кетсек, Аида Салянова 26-сентябрда оор жөтөлүп, дене табы көтөрүлгөн кызы менен ооруканага түшкөн. 

Бүгүн айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакыпбекова жарыш сөзүн баштамак. 

Мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.

Прокурорлор Аида Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну сурашууда.