03:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан БУУ Өндүрүштү өнүктүрүү уюмуна 300 миң евро карыз

Парламентке Кыргызстан БУУ Өндүрүштү өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен карызын жөнгө салуу боюнча келишимдин долбоору келип түштү. Кыргызстан 1993-жылдан бери мүчөлүк акыларын төлөбөй жалпысынан 385 миң 87 евро карыз болгон. 2017-жылдын 16-мартында Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитет 75,2 миң евро төлөгөн.

Калган 305 мин еврону беш жыл аралыгында бөлүп төгөт. Келишимде каражат республикалык бюджеттен бөлүнөөрү айтылат.