20:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сапар Исаков мектептин курулушуна кеткен чыгымды кайра эсептеп чыгууну тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков Өзгөн районунун Ак-Терек айылындагы мектептин курулушуна кеткен чыгымды бир аптанын ичинде кайра эсептеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал Ош облусуна болгон сапары учурунда билдирди.

Сапар Исаков мектептин курулушу менен таанышкандан кийин ага өтө көп акча жумшалгандыгын белгилеп, бул райондордо курулушту мындан кем каражатка бүткөрүү мүмкүн экендигин айтты.

Маалыматка караганда, мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Курулушка 66 миллион сом каралса, анын 45 миллион сому сарпталды. Спорт зал, жылытуучу жайдан башкасы баары бүткөн.

Андан кийин премьер Корбу-Таш айылындагы мектептин курулушу менен таанышып чыкты. Ал мектепке 50 миллион сом каралган.

«Акча өтө көп каралган. Кайра эсептеп чыгыш керек. Курулуштун сапатына жана имараттын айланасына шарт түзүүгө дагы көңүл бөлүш керек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар