19:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Үй-бүлөсүн баккан Айчүрөк эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

Үй-бүлөсүн баккан 14 жаштагы Айчүрөк The International Children’s Peace Prize от Kids Rights эл аралык сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Балдарды коргоо борборунун маалымат катчысы Бермет Иманалиева билдирди. 

Анын айтымында, Айчүрөк 2013-жылдан бери борборго келип, балдарга тренинг өтүп турат. 

Балдардын  укук коргоо жаатындагы эрдиктери үчүн берилет. 

Эскерте кетсек, Айчүрөк кичинекей кезинен бери апасын жана инисин багуу үчүн Ош базарында баштык чогултуп келет. Ал тууралуу журналисттердин материалынан кийин көпчүлүк секелек кызга жардам берип, Айчүрөк мектепти калтырбай барып калган. 

Эң көп окулган жаңылыктар