14:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Генерал Бусурманкул Табалдиев: Сооронбай Жээнбековго гана добуш беребиз!

«Биз бүгүн чоң саясий сыноонун алдында турабыз» — деп билдирди Талас облусунун Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу, генерал Бусурманкул Табалдиев президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун район тургундары менен жолугушуусу учурунда.

Ал алдыда боло турган президенттик шайлоодо өлкөнүн тагдыры чечилерин, ошондуктан мамлекеттин келечегине таасир эте турган мындай тандоодо жаңылбашыбыз керектигин белгилеп өттү.

«Муну басып өткөн тарыхыбыз өзү тастыктап турат. Мисалы, Турдакун Усубалиевди, Апсамат Масалиевди алалы. Бул жетекчилердин тушунда Кыргызстан мал чарбачылыгы менен дыйканчылыгы абдан өнүккөн республикалардын катарында болчу. Бакай-Ата району өз убагында суткасына 100 тоннага чейин сүт өндүргөнгө жетишкен. Тилекке каршы, кийинчерээк өлкөнү же өндүрүштөн, же мал чарбачылыгынан, же айыл чарбасынан таптакыр кабары жок адамдар башкарып калды. Алар өлкөнү жакырдантып, талап-тоноонун үстүндө гана болушту. Биз акыйкат эмне экендигин, биримдик эмне экендигин, ынтымак эмне экендигин унута баштадык»

Бусурманкул Таабалдиев

Ал Алмазбек Атамбаев менен бирге иштешкендигин, азыркы президент Акаев менен Бакиев бүлдүрүп кеткен нерселерди оңдоп-түзөөгө жан үрөп иштөөгө туура келгендигин белгиледи.

«Эми өзүңөр деле көрүп турасыңар, биз өнүгүү жолуна түштүк. Чет өлкөлөр менен мамилебиз жакшырды. Премьер-министр кезинде Сооронбай Жээнбеков 1,5 жыл ичинде Алмазбек Атамбаевдин ийгиликтери менен жетишкендиктерин бекемдеп, андан ары да өнүктүрө алды. Кылым карыткан кыргыз көчүн Сооронбай Жээнбеков гана татыктуу уланта алат. Жээнбеков гана бизди бийик максаттарга жетелей алат. Эгер биз элибиздин, мамлекетибиздин, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер эмес болсок, Сооронбай Жээнбековду президент кылып шайлап алышыбыз керек», — деди Бусурманкул Табалдиев.

Талапкер менен болгон жолугушууга 4 миңден ашуун шайлоочу катышты. Алар Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн кызыкчылыгына күйгөн, элдин ишенимине татыктуу адам катары көпкө чейин кетирбей, кол чабуу менен узатышты.

Президенттикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 22.09.2017-ж.

Эң көп окулган жаңылыктар